Курс НБ на 21.02.2018 $68,1121 €83,8835

Премьер-министр Сапар Исаков дүйнөлүк ири порт операторлорунун бири “DPWorld” өкүлдөрү менен биргелешкен кызматташуунун келечегин талкуулады

Саясат
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
24

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарында (БАЭ) дүйнөлүк ири порт операторлорунун бири “DPWorld” өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында биргелешкен кызматташуунун келечеги жана компаниянын жакынкы арадагы инвестициялык планы талкууланды.

Тараптар «DPWorld» компаниясынын адистери Кыргызстандын ички рыногунун келечектүү тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгуусу тууралуу макулдашышты.

«DPWorld» – деңиз портторун жана жер үстүндөгү логистикалык инфраструктураны камсыз кылуучу, дүйнөнүн 40 өлкөсүндө иштеген ири оператор.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу