Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

Премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү

Саясат
12 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
115

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. 

Премьер-министр Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана эконимакалык реформалардын алдында турганын белгиледи. 

«Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл.
 Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш», - деди ал. 

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди. Алар: 

- күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо; 

- коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;

-  бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;

- донордук уюмдар менен жолугушуулрды өткөрүү;

- социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;

- салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;  

- коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу