Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Көмүскө экономика менен күрөшүү жана экономиканын ачыктык даражасын көтөрүү – бул татаал, бирок маанилүү милдет

Саясат
29 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
56

Көмүскө экономика менен күрөшүү жана экономиканын ачыктык даражасын көтөрүү – бул татаал, бирок өзгөчө маанилүү милдет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү маселеси боюнча координациялык кеңеште билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын тиешелүү долбоорун колдоого байланыштуу иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү, фискалдык маалыматтар операторун ишке киргизүү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулушуна көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланды. Мындан тышкары ишканаларга электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, калкты тейлөөнүн сервисттик моделин иштеп чыгуу боюнча чаралар талкууланды.  

«Дагы бир жолу биздин негизги милдеттерибиздин бири – бул фискалдаштыруу системасын толук масштабдуу ишке киргизүү болуп саналарын эске салам. Бул көмүскө экономика менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы деп ойлойбуз. Муну менен мамлекеттин кирешеси көбөйгөнү сезилет жана актуалдуу социалдык милдеттер сапаттуу чечилет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт ар кандай каршылык көрсөтүүлөргө карабастан, фискалдаштыруу системасынын бардык баскычтарын ырааттуу киргизүүгө ниеттенүүдө.

«Биз көмүскө экономика менен күрөшүү жана улуттук экономиканын ачык-айкындуулук даражасын жогорулатуу – бул татаал, бирок өзгөчө маанилүү милдет экендигин түшүнүүгө тийишпиз. Реформалардын башкы максаттарын дискредитациялоо аракеттерине кылчактабастан, аларды мындан ары да илгерилете беребиз. Биз былтыркы жылы бир катар жеңил эмес даярдоо иш-чараларын жүзөгө ашыра алдык. Баса белгилей кетсем, салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу системасы ата мекендик экономиканын кызыкчылыктарында толук бойдон киргизилиши керек», - деп баса көрсөттү Премьер-министр

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев реформаларды илгерилетүү процессин тездетүү үчүн салыктык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселеси боюнча Координациялык кеңештин ишин активдештирүүнү тапшырды. 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу