Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев футбол боюнча улуттук кураманын урматына арналган салтанатка катышты

Саясат
25 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
164
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев футбол боюнча улуттук кураманын урматына арналып Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында өткөн салтанатка катышты.
 
Премьер-министр өз сөзүндө Өкмөттүн жана бардык күйөрмандардын атынан кураманын мүчөлөрүн учурда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунда татыктуу катышуусу менен куттуктады.
 
«Кураманын бардык мүчөлөрүнө жана машыктыруучу штабына элибизге тартуулаган белеги үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин курама кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу Азия Кубогуна катышып, топтон чыгып, көзгө толумдуу жана татыктуу оюн көрсөтө алды. Силер Азиянын күчтүү командалары менен ойноп жана жеңүү мүмкүндүгүн көрсөттүңөр», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
 
Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекет атамекендик футболду өнүктүрүүгө көңүл бурууга, өлкөдө футбол аянттарынын жана спорт залдардын курулушун өбөлгөлөөгө умтулат.
 
«Мамлекет өнүгүп жана бекемделиши үчүн бизге билимдүү жана дени сак жаштар керек. Биз ар бир облустук борбордо, шаарда жана айылда заманбап футбол аянттарынын курулуш иштерин күчөтөбүз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
 
Премьер-министр ырастагандай, жакын арада Бишкек шаарында заманбап футбол стадионун куруу маселеси чечилет.
 
Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү футболду өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирип, келечекте кыргыз футболунда эл аралык деңгээлдеги жылдыздар пайда болоруна, ал эми улуттук курама футбол боюнча Дүйнө чемпионатына катышарына ишеним билдирди.
 
Премьер-министр футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Александр Крестининге 2 млн сомго сертификат тапшырды.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.