Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Саясат
31 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
53

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Алматы шаарына ( Казакстан Республикасы) барып, анда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында 14 маселе талкууланат, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу Келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу