Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына келди

Саясат
01 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
122
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-февралында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы (Казакстан Республикасы) шаарына келди.
Өкмөт башчы ЕӨАК тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйындарына катышат, анда  интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары талкууланат.
Мындан тышкары Өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форумунун ишине катышмакчы.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу