Курс НБ на 23.08.2019 $69,7961 €77,4597

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Эки жактын кызыкчылгын эске алган бир пикирге келе алдык

Саясат
15 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
44
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда бир катар перспективдүү биргелешкен долбоорлор бар, биз аларды ишке ашырууну пландаштырып атабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча журналистерге билдирди.

Өкмөт башчы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүп, саясий-экономикалык диалогдор эки тараптуу колдоо табып, бардык деңгээлдерде тыгыз байланыштар ишке ашып жаткандыгын билдирди.

“Бүгүн биз эки тарапты тең кызыктырган бардык маселелерди ортого коюп, кеңири талкууладык. Көпчүлүк маселелерде биз өз ара түшүнүшүп, эки жактын кызыкчылыктарын эске алуу менен бирдиктүү бир пикирге келе алдык. Биз эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жана Өкмөттүн деңгээлиндеги буга чейинки макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн карап чыктык. Белгиленген иш-чаралардын баары өз убагында ишке ашырылышы керек деп ойлойбуз. Айрыкча экономика, соода-сатык, инвестиция, айыл чарба, транспорт жана коммуникация чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аймактарда суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу жаатында үзүрлүү сүйлөшүүлөр болду”, – деди Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, Казакстан – Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү жана соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча үчүнчү орунда турат.

“2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар алмашуунун көлөмү 843 млн долларды түздү, же 2017-жылга салыштырмалуу 7% көбөйгөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биз өз ара товар алмашуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн мындан ары да зарыл болгон бардык күчтү жумшай беребиз деп келиштик. Ошондой эле биз чек ара маселелерине да токтолдук, анын ичинде: автожолдордун курулушу, көпүрөлөрдү салуу, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу маселелерин да талкууладык. Эки өлкөнүн ортосунда маданий кызматташтык туурасында да кеңири сөз болду.  Тарыхыбыз жана маданиятыбыз бир, тилибиздин түпкү тамыры бир. Биз бул чөйрөдөгү кызматташтыкты активдүү жандандырып, өнүктүрө беребиз деген бирдиктүү чечимге келдик”, – деди Өкмөт башчы.

Ал 2018-жылы Нур-Султан шаарында дүйнөлүк улуу инсан, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган мааракелик иш-чаралардын ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүн айтып кетти.

Өкмөт башчы кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңештин 8-отурумунун Протоколуна жана ошондой эле соода-экономикалык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу бир нече өтө маанилүү документтерге кол койгондорун айтты.

Сөзүнүн аягында Мухаммедкалый Абылгазиев инвестиция тартуу боюнча Кыргызстан активдүү иш алып баргынын белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө ивесторлорго жакшы өбөлгө түзүлгөн. Алардын кызыкчылыгы коргоолорун айтып, Казакстандык иневесторлорду Кыргызстанга иштөөгө чыкырды.

Өз учурунда Казакстан Премьер-министр Аскар Мамин ишеним жана өз ара жардам көрсөтүү боюнча эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар, кызматташуунун жогорку денгээлде мүнөздөлүшүн белгиледи.

Бул жолугушуу ушул жылдын күзүндө күтүлүп жаткан Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алдында өтүп жатат. Бул эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин дагы бир жолу карап, кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду, – деди Аскар Мамин.

Ошондой эле Аскар Мамин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүп, эки өлкөнүн кызыкчылыгында натыйжалуу пайдалануубуз керек



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу