Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €76,9922

Премьер-министр Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер көрсөтпөйт

Саясат
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
456
Премьер-министр  Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэринин  кызмат ордуна талапкер көрсөтпөө чечимин кабыл алды.
 Белгилүү болгондой, “Борбордун макамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялар коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.
«Мамлекетте демократиялык принциптерди мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин өркүндөтүү жана шаардык депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле ачык-айкын шайлоону өткөрүү максатында шаардын мэри кызматына талапкерди көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алдым. Шаардык кеңештин депутаттары шайлоочулардын мүдөөсүн эске алып, кесипкөй, тажрыйбалуу иш-билги талапкерди тандап, алар биргеликте шаар жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн иштейт деп үмүттөнөм”, – деп айтылат Премьер-министрдин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына кайрылуусунда.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.