Курс НБ на 18.09.2020 $78,9597 €93,1961

Плутоний АКШны эсине келтиреби?

Саясат
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
610
Орусиянын Президенти Владимир Путин Вашингтондун кастык мамилелерине байланыштуу согуштук куралдарга колдонулуучу плутонийди зыянсыздандыруу боюнча АКШ менен мурда кол коюлган келишимдин шарттарын аткарууну токтотууга буйрук берди.
Бул келишимге 2010-жылы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын ошол кездеги Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кол коюшкан. Ага ылайык, Орусия менен АКШ ар бири 34 тонна куралдык плутонийди атомдук реакторлор үчүн отун катары колдоноору макулдашылган.
Орусия Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “келишимдин шартын Орусия өзү гана аткарып келди. Учурдагы чыңалууга байланыштуу мындай жагдай улана бериши мүмкүн эмес” деп айтты.
Ал эми тышкы иштер министр Сергей Лавров келишимдин токтотулушу аргасыз кадам деп баса белгиледи. Айтымында, АКШ болбогон шылтоолор менен Орусияга каршы толгон-токой экономикалык жана башка санкцияларды киргизип жатат.
“Орусиянын чек арасына жакын аймактарда НАТО аскерлеринин санын көбөйтө баштады. АКШ жана анын союздаштары уялбай эле Орусияны ооздуктайбыз деп ачык айтып жатышат. Ал турсун орусиялык шаарларда терактыларды уюштурабыз деп опузолоого өтүштү. Биздин кабыл алган чечим – Вашингтонго берилген белги: күч колдонуу, санкциялар жана башка дооматтар менен сүйлөшүүгө жол берилбейт” деп айтылат Лавровдун билдирүүсүндө.
Кошумчаласак, Менделеев таблицасындагы 94-химиялык элемент радиоактивдүү плутоний 1942-жылдан бери белгилүү. Ядролук курал жасоодо жана атомдук станциялардын реакторлору менен кыймылдаткычтарда ядролук отун катары колдонулат. Плутонийдин 1 граммынын баасы 5 миңге жакын доллар турат. Жогоруда сөз кылган 64 кг плутонийден 17 миң ядролук куралды дүрмөттөөгө болот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.