Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

​Пандемияга карабай айыл чарбасында түшүмдүүлүк мол болгон

Саясат
15 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
39
Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев  ЖМКлардын бирине берген маегинде билдирди. Кылкандуу дан эгиндери гектарына 31,8 центнер түшүм берип, жылдагыга салыштырмалуу абдан жакшы көрсөткүчкө жеткен. Быйыл дан эгиндери, жер-жемиш жана бакча өсүмдүктөрү дагы жакшы түшүм берген.Министрдин орун басарынын айтымында оруп-жыюу иштери негизинен жыйынтыкталып калды. Өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндеринин көрсөткүчү гектарына 31,8 центнерди түздү. Буудайдыкы 27,3 центнер, арпаныкы 25,2 центнер болду. Буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча Талас облусу алдыга чыкты. Маселен, Манас району буудайды гектарына 35 центнерден алса, Кара-Буурада бул көрсөткүч 32 центнерден болду. Жүгөрүнүн аянты 104,6 гектар болуп, ар биринен 66,6 центнерден берип, абдан жакшы көрсөткүчкө жетти.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу