Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Пан Ги Мун Түштүк Кореядагы президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн

Саясат
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
424
Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, Пан Ги Мундун 2017-жылы президенттик шайлоого катышууга ниети бар.
Ал: “Эгерде менин БУУнун генкатчылык кызматындагы он жылдык тажрыйбам Корея Республикасынын өнүгүүсүнө жардам бере турган болсо, мен өзүмдү президенттик ишке арноого даярмын” деп айткан.
Бирок, акыркы чечимди ал коомчулуктун ар кыл катмарынын өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин кабыл алат.
Эске салсак, Пан Ги Мундун генкатчылык кызмат мөөнөтү ушул жылдын аягында соңуна чыгат. Андан кийин ал Түштук Кореяга кайтып келүүгө ниеттенүүдө. Мурда ал өлкөнүн тышкы иштер министри болуп иштеген. Ал эми 9-декабрда Кореянын парламенти президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялаган. Бул чечимди Конституциялык сот 180 күн аралыгында бекитиши керек. Сот чечим кабыл алганга чейин өлкөнү премьер-министр башкарат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.