Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Пан Ги Мун паракорбу?

Саясат
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
474
Кореянын жалпыга маалымдоо каражаттары БУУнун генкатчысы Пан Ги Мунду 200 миң доллардан ашык пара алган деп айыптай башташты.
Орусиялык “Новости” агенттигинин маалыматына таянсак, Пан Ги Мун 2005-жылы Кореянын тышкы иштер жана тышкы соода министрлигинде иштеп турган мезгилинде кореялык бир бизнесменден 200 миң доллар, ал эми 2007-жылы БУУнун генкатчысы болуп иштеп калган учурунда дагы 30 миң доллар пара алган. Биринчи жолку параны бизнесмен Пак Ен Ха “жол кире” кылып коюңуз деп берген экен. Экинчи жолкусунда ал генкатчы болуп шайланышы менен “куттуктаган”.
Пан Ги Мун бул айыптоолорду жалган жалаа деп эсептейт. Эске салсак, апта соңунда кызмат мөөнөтү аяктап жаткан Пан Ги Мундун Кореянын президенти болууга ниети бар экендигин мурда малымдаганбыз. Демек, айыптоолор ага бут тосуунун алгачкы амалдары болушу толук мүмкүн.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.