Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Орусия менен АКШнын бирин-бири опузалоосу күндөн-күнгө күч алууда

Саясат
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
653
Пентагон Сириянын өкмөттүк аскерлерине каршы ракеталык чабуул жасоонун планын даярдап жатат. Ушундан улам Орусиянын Коргоо министрлиги эгерде америкалыктар ракеталар менен чабуулга өтсө, аларды атып түшүрөбүз деп билдирди.
Министрлик абадан коргоочу С-300 жана С-400 системалары атылган ракеталар кимдики экендигин карабайт деп билдирди. Анткени, алар Сириядагы орусиялык аскер күчтөрүнө реалдуу коркунуч туудурат. Коргоо министрлигинин өкүлү генерал Конашенковдун айтымында, орусиялык системалар бейтааныш объектилерди кайсыл аралыктан болсо да жок кылууга жөндөмдүү.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.