Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Орусия Камрань менен Лурдеске кайтып келеби?

Саясат
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
554
Дүйнөдө түзүлгөн учурдагы кырдаал Орусияны Куба менен Вьетнамдагы аскердик базаларга кайтып келүү тууралуу ойлонууга мажбур кылууда.
Бул туурасында, 7-октябрда Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков Мамлекеттик Думанын жыйынында билдирди. Депутаттар да бул демилгени колдоого алышты.
Эске салсак, 1979-жылы 2-майда кытай-вьетнам согушу аяктагандан эки ай өткөндөн кийин СССР менен Вьетнамдын ортосунда Камрань портун материалдык-техникалык камсыздоо базасы катары акысыз пайдалануу боюнча 25 жылга келишим түзүлгөн. Бир аз убакыттан кийин порт Азия аймагындагы эң ири советтик аскер-деңиз базасына айлантылган. Бул жерде авиациялык полк, суу үстүндө жана суу алдында жүрүүчү аскердик кемелер жайгаштырылган.
1991-жылдан тарта вьетнамдык тарап расмий эмес түрдө ижара акы талап кыла баштаган соң, Орусиянын жетекчилиги 2001-жылы келишимди узартпай эле коюу тууралуу чечим кабыл алган. Анын артынан эле Кубанын Лурдесиндеги электрондук чалгындоо базасы калтырылган.
Бирок, аталган базаларга кайтып келүүнү Орусиянын жетекчилери 2013-жылдан тарта кайрадан ойлонуштура баштады. Президенттер Путин менен Чыонг Тан Шанг кол койгон келишимге ылайык, Камрань базасы ушул тапта орусиялык суу алдында жүрүүчү кемелерди ремонттоо үчүн колдонулууда. Ал 2014-жылдын жаз айынан бери Камрандын аэродромуна орусиялык аскер самолеттору коно баштады. Быйыл 17-майда Вьетнамдын Москвадагы элчиси Нгуен Тхань Шон “өлкөнүн жетекчилиги Орусиянын Камранга кайтып келүүсүнө каршы эмес”-деп айтты.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.