Курс НБ на 25.09.2020 $79,3499 €92,4942

Олланддын үмүтү үзүлдү

Саясат
02 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
550
Франциянын аракеттеги президенти Франсуа Олланд 2017-жылдын жазында өтүүчү шайлоодо экинчи мөөнөткө талапкер катары катышпай тургандыгын билдирди.
Франциянын тарыхында бийлик мөөнөтүн узартуудан баш тарткан учурлар көп жылдардан бери боло элек деп маалымдайт-Би-Би-Си.
Олланд элдин колдоосуна ээ болбой калышы мүмкүн жана бул тууралуу ал ачык эле: “Тобокелдик бар экендигин азыр эле түшүнүп турам, ошондуктан президенттик шайлоого талапкерлигимди койбойм”, - айтты.
Рейтер агенттиги Олланддын бул сөзүнөн кийин социалисттик партиянын башка талапкерлерине жеңиштен үмүт кылуу кыйын болуп калды деп билдирет. Кийинки шайлоодо консерватор Франсуа Фийон менен ашкере оңчул Ле Пен негизги атаандаштар болушат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.