Курс НБ на 20.01.2021 $84,8000 €102,9133

Нурсултан Назарбаев Масимов боюнча түшүндүрмө берди

Саясат
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
595
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мурунку премьер-министр Карим Масимовдун Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы болгондугу  тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Президент анда "Баары өкмөттөгү өзгөрүүлөр тууралуу билишет. Анын өзүнүн логикасы бар. Биринчиден, коопсуздукту камсыздоону күчөтүү зарыл. Масимов анын макулдугу менен бул керектүү орунга азыр... өзүңөр көргөндөй, ушул орунга керек. Анын тажрыйбасы бар, республикадагы абалды жакшы билет", - деген. Өлкө башчы Назарбаев, буга байланыштуу өкмөт учурда отставкада экенин айтты. “Бирок,  убакыт созбой, тез арада силердин башчыңарды жана жаңы министрлерди дайындоо менен бул маселелердин баарын чечебиз. Менимче, олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Себеби өкмөт оор кезеңдерде өз жумушун жасап, берилген тапшырмалардын баарын аткарат", - деп баса белгиледи.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.