Курс НБ на 20.01.2021 $84,8000 €102,9133

Назарбаев Курман Айт күнү Каримовго куран түшүрдү

Саясат
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
667
Кечээ, 12-сентябрда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев кесиптеши Ислам Каримовдун арбагына бата кылганы Өзбекстанга иш сапар мене барды жана “Форумлар мажмуаси” комплексинде Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
 Курман айт күнгө туш келген бул сапар учурунда казак президенти кесиптеши Ислам Каримовду Өзбекстандын эгемендүүлүгунүн негиздөөчүсү деп атады жана эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдоодо анын салымы баа жеткис экендигин баса белгиледи.
Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга катышпай калган Нурсултан Назарбаев Самаркандда маркумдун мүрзөсүнө гүлдесте койду.
Эске салсак, Назарбаев менен бирге ай башында Кытайда “Чоң жыйырмалыктын” саммитине катышкан Орусиянын президенти Владимир Путин 6-сентябрда Москвага кайтып бараткан жолдо Самаркандга кайрылып, Каримовдун арбагына таазим эткен.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.