Курс НБ на 22.10.2018 $69,3251 €79,3703

Муратбек Тунгышбаев Бишкектен баш паанек сурап жатат

Саясат
06 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
157
Кыргызстан казак активисти жана блогер Муратбек Тунгышбаевдин ага качкын макамын берүү тууралуу арызын карап жатат. Бул жөнүндө Мамлекеттик миграция кызматы кабарлады. Бул арыз боюнча чечимдин чыгышы бир жыл убакыт талап кылышы ыктымал. Эске салсак, Казакстандын бийлигинин өтүнүчү менен Кыргызстанда 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сурады. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында отурат. Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптап жатат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.