Курс НБ на 26.01.2021 $84,8000 €102,9302

​Мугалимдерге квалификациялык категориялар кайрадан ыйгарыла баштайт

Саясат
11 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
107
Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  билдирди. Бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.Кийинки окуу жылынын башынан баштап квалификациялык категория үчүн ай сайын кошумча акы төлөнүп турат. Жогорку категория үчүн – 2000 сом. Биринчи категория үчүн – 1500 сом. Экинчи категория үчүн – 1000 сом.
2021-жылдын 4 айына жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине категория үчүн кошумча акыга республикалык бюджеттен 99,7 миллион сом каралган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу