Курс НБ на 18.11.2018 $69,8400 €79,2474

Москвада жол кырсыгына кабылгандарды өкмөт башчы жергебизге эс алууга чакырды

Саясат
19 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
405
Бул тууралуу ал кечээ ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугуп жатып билдирген. - Бул абдан өкүнүчтүү, бирок атайын жасалган жок. Бул кырсык. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын учуу жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз​, - деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Премьер-министр Кашкар Жунушалиевди  Орусия Федерациясына жумушчу сапарында жабыркагандарды барып көрүүнү жана Чыңгыз Анарбек уулуна квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүнү да милдеттендирди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.