Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Мирзиёев КМШнын өкмөт башчылары менен жолугушууга ниеттенүүдө

Саясат
02 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
27
3-ноябрда Ташкентте Көз карандысыз мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйынга премьерлер Карен Карапетян (Армения), Андрей Кобяков (Беларусь), Бакытжан Сагинтаев (Казакстан), Сапар Исаков (Кыргызстан), Дмитрий Медведев (Россия), Кохир Расулзода (Тажикстан), ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин катчысы Сергей Лебедев катышат. Ал эми жыйынга Азербайжан менен Түркмөнстандын өкмөт башчыларынын орун басарлары, Молдованын КМШдагы өкүлү, жалпысынан 200дөн ашык адам катышаары маалым болду. Күн тартибинде 18 документ талкууланат.
Премьер-министрлерди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кабыл алууга ниеттенүүдө.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу