Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Министр менен элчи кызматташуу абалын талкуулашты

Саясат
15 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
89
Өткөн жумада Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Девень менен жолукту. Жолугушууда эки тарап Кытай жана Кыргыз Республикаларынын ортосундагы айыл чарба багытында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Кытай элчиси айыл чарба багытындагы агро өнөр жай тармагында кызматташуу келечектүү экенин билдирди. “Биз 2018-жылы Кытай тарап менен  келишим түзүп, кокон гилас, коон сыяктуу продукцияларыбыз Кытайга жөнөтүлгөн.  Быйылкы жылдан баштап экспорттун  көлөмүн жогорулатууга аракет кылып жатабыз” – деди министр.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.