Курс НБ на 21.10.2020 $81,2050 €95,6676

Мигранттар ЫМКсы жок болсо да жоопко тартылбайт

Саясат
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
451
Мындан ары Россияда жүргөн кыргызстандыктар ыктыярдуу медициналык камсыздоосу (ЫМК) жок болгондугу үчүн административдик жазага тартылбай тургандыгы тууралуу Россиядагы КР элчилиги маалымат таратты.
Тактап айтсак, Беларуссия, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Россиянын 2000-жылдын 30-ноябрындагы визасыз режим тууралуу өкмөттөр аралык келишимине ылайык, КР жарандары медициналык камсыздоо күбөлүгү жок болгондугу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылбай турганын Россиянын компетенттүү органдары тастыкташкан.   "Мындан ары Россиянын административдик мыйзам бузуулар боюнча кодексинин 18.8-беренесине ылайык ыктыярдуу медициналык камсыздоосу жок жарандар жоопко тартылбай турган болду", — делет элчиликтин маалыматында.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.