Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

МИ-8МТВ дүйнөдө эң көп колдонулган вертолет

Саясат
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
721
Кыргызстандын Коргоо комитети 10 миллион сомдон ашык каражатка МИ-8МТВ вертолету үчун запастык өлүктөрдү сатып алары белгилүү болду. Мындай маалымат мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталына жайгаштырылыган. Запастык бөлүктөр үчүн 10 млн 192 миң. 775 сом каралган. Ал эми запастык бөлүктөр менен камсыздоону каалагандардын арыздары 27-сентябрга чейин кабыл алынат.
 
Ми-8МТВ вертолету 1960-жылдары Советтер Союзунда чыгарылып баштаган эски Ми-8МТ вертолетунун өркүндөтүлгөн үлгүсү жана учурда дүйнөнүн көп сандаган өлкөлөрүнүн колдонуусуна алынган. Бул көп максаттуу вертолеттон Кыргызстанда 8 даанасы бар. Өзбекстанда – 52, Казакстанда – 20, Азербайжанда – 13, Тажикстанда – 11, Арменияда – 10, Тажикстанда – 8 даана. Жарым кылым аралыкта аталган вертолеттун бардык үлгүлөрүнөн 12 миңден ашык чыгарылган.
-40 градус суукта жана +40 градус ысыкта да 6000 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, 580 чакырымга чейин уча алат. Ылдамдыгы саатына 250 чакырымды түзөт.
Учурда Казанда чыгарылып жаткан Ми-8МТВнын баасы 14,7 млн доллардан 17,5 млн долларга чейин жетет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.