Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

Мексика президенти Трамп менен жолугуудан баш тартты

Саясат
27 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
490
АКШ президенти Дональд Трамп эгер Мексика чек арада курулчу дубалдын чыгымдарын көтөрүүдөн баш тартса, мексикалык кесиптеши Вашингтонго пландалган сапарын токтотушу керектигин билдирген. Ошол эле күнү кечинде Reuters агенттиги Мексиканын президенти Пенья Ньето Трамп менен жолугуудан баш тартканын кабарлады.
АКШ менен Мексика президенттери кийинки жумада жолугушуусу керек болчу. Анда Кошмо Штаттардын жаңы президентинин билдирүүлөрүнөн кийин бузулуп кеткен эки тараптуу мамилелер талкууланат деп күтүлүп жаткан. Трамп ага чейин Мексика менен болгон чек арага дубал тургузуу жана эркин соода боюнча түндүкамерикалык макулдашууну кайрадан карап чыгуу ниетин билдирген. "АКШнын Мексика менен болгон соода балансынын таңкыстыгы 60 миллиард долларды түзөт. Бул башынан эле бир тараптуу келишим болгон. Эгер Мексика өтө зарыл болуп турган дубалдын курулушуна акча төлөбөсө, анда алдыдагы жолугушууну өткөрбөй эле койсок жакшы болот", - деп жазган Трамп Twitter баракчасына.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.