Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Манас аэропортуна жакын жерде кырсыктаган жүк ташуучу Боинг — 747 учагынын кыйрашынын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү

Саясат
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
322
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен бүгүн, 16-январда, Чүй облусундагы Сокулук районунун Дача-Суу айылында орун алган авиациялык кырсыктын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.
 
Буйрукка ылайык, адам курмандыктарына алып келген Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учуроо фактысын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссияны Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жетектейт.
 
Аталган өкмөттүк комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
 
Мухамметкалый Абулгазиев – Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри;
 
Кубатбек Боронов – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
 
Жамшитбек Калилов – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
 
Комиссиянын мүчөлөрү:
 
Талантбек Батыралиев – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
 
Эрлан Абдылдаев – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
 
Улан Исраилов – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
 
Абдиль Сегизбаев – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
 
Бактыбек Кудайбергенов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.