Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Мамлекеттик сапар Астана аркылуу Бишкекке уланды

Саясат
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
372
Бүгүн, 22-декабрда жергебизге расмий сапары башталган Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани түшкө чейин Астана шаарында Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Эки президент Ирандан ядролук санкциялардын алынышын талкуулашты.
Нурсултан Назарбаев: “Ядролук проблеманы чечүүдөгү Сиздин эмгегиңизди биз жогору баалайбыз. Бул ийгилигиңиз менен куттуктайм. Санкциянын алынганына бир жыл толду. Бул кыска аралыкта Иран болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти”, - деп айтты.
Хасан Роухани Нурсултан Назарбаевди Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы Самаркандга сапар тартат
Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда расмий сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков бүгүнкү басма сөз жыйынында билдирди.
Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Самаркандда жолугушат. Андан тышкары, маркум Ислам Каримовдун бейитине барат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.