Курс НБ на 25.09.2018 $69,0754 €81,2361

Мамлекет башчылар Астанада чогулат

Саясат
14 - Март 2018
www.erkintoo.kg
142
15-мартта Астанада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Бул тууралуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, жыйынга Казахстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышат. Саммитке чогулуу демилгесин Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери көтөргөн. Бул жолу Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары биринчи жолу формалдуу саммиттин алкагында жолугушат. Күтүлүп жаткан саммит Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке киргизүүлөрү күтүлүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.