Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Леонид КАШИРСКИЙ, Мамлекеттер аралык авиациялык комиссиянын төрагасы: “Авиакырсыктын себептерин расмий жарыялоого жарым жылга чейин убакыт талап кылынат"

Саясат
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
399
16-январдагы авиакырсыктын себептерин иликтөө максатында, бир апта мурда жергебизге келген Мамлекеттер аралык авиациялык комиссиянын (МАК) төрагасы Леонид Каширский 24-январда журналисттер менен жолугушуп, иликтөө иштери аяктагандыгын билдирди.
Айтымында, иликтөө иштерине Америка Кошмо Штаттарынын Транспорттогу кырсыктарды изилдөө боюнча улуттук бюросунун, “Боинг” компаниясынын жана Түркия тараптан самолеттун ээси эсептелген TC MCL авиакомпанияcынын өкүлдөрү катышты. Учурда кырсыкта кыйраган самолеттун конструкциясынын бардык элементтери “Манас” аэропортунун ангарына киргизилди жана дагы кылдат изилдөөгө алынат. (Боинг 747-400 самолету 33 мамлекетте жасалган 6 миллион тетиктен куралат - ЭТ). Параметрикалык жана үн жазуучу кара кутулардагы маалыматтар жакшы сапатта сакталып калган. Алар тууралуу айтуу азырынча эрте. Учкучтар акыркы ирет Бишкектеги аба ырайын сурап, андан соң самолетту конуунун автоматтык режимине коюшкан. Учкучтар тумандын айынан самолетту эч кандай кайталап кондурууга аракет жасашкан эмес. Биринчи эле жолку “автопилот” ыкмасы менен кондурууда кырсыкка кабылган.
Самолет орто жолдо кошумча май куйбай эле Гонконгдон Стамбулга чейин түз учса жетет беле? Журналисттердин бул суроосуна комиссиянын төрагасы: “Жок, 80 тоннадан ашык жүк менен жете алмак эмес” деп жооп кайтарды жана жагдай жүктүн салмагына жараша болорун кошумчалады. “Самолет май куюп алып, андан ары жолун уламак. Бишкекте, учкучтарды алмаштыруу каралган эмес. Ал эми жүк Стамбулдагы компаниялардын бирине таандык экендиги аныкталды жана коштомо документ кагаздары да табылды”, - деген Леонид Каширский анда кандай жүктөр көрсөтүлгөндүгүн жана алардын наркы канча экендигин айткан жок.
 “Дүйнөдөгү авиакырсыктардын тажрыйбасында иликтөө иштери 3-4 жылга чейин созулган учурлар бар. Айрымдары 1-2 айды гана талап кылат. Бишкектеги кырсыкты анализдөөгө бери дегенде эки ай керек. Ал эми жыйынтыктоочу отчетту даярдоого төрт ай же жарым жыл убакыт кетиши мүмкүн”, - деди комиссиянын төрагасы. (Бүгүнкүгө чейин дүйнөдө “Боинг” самолеттору 61 жолу кырсыкка кабылган. – ЭТ). Айтымында, кырсыкка күбө болуп өз көздөрү менен көргөндөрдүн да көрсөтмөлөрү эске алынат - ал үчүн сурамжылоочу топ иштеп жатат.
Маалыматтарга караганда, кырсык учурунда төгүлгөн авиакеросин жерге жайылып кетип, анын жыты ал дача тилкесинде аман калган жашоочулардын дем алуусун кыйындатууда. “Канча күйүүчү май төгүлгөнүн болжош кыйын. Самолеттун канатында калган авиакеросинди куюп алып, сапатын изилдеп жатабыз. Ал эми булганган жерди “санэпидемиялык кызматтардын жардамы менен зыянсыздандыруу зарыл” деген катты Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жөнөткөнбүз”, - деп айтты Леонид Каширский. Ал ошондой эле турак-жай массивинин аэропорттун учуп-конуу тилкесине куйрук улаш орун алганы туура эмес, бул маселени Кыргызстандын бийликтери караштыруусу керек деген пикирин билдирди.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.