Курс НБ на 07.03.2021 $84,8000 €101,1579

Ленинграддын курчоодон бошотулганына бүгүн, 27-январда 73 жыл толду

Саясат
27 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
491
Бүгүн, 27-январда 73 жыл мурда Ленинград шаары 872 күнгө созулган курчоодон бошотулган. Нева боюндагы 3,2 миллион калкы бар калаа 1941-жылдын 8-сентябрында немец, фин, испан аскерлери, Түндүк Африкалык ыктыярдуулар жана Италиянын аскер-деңиз күчтөрү тарабынан блокадага алынган.
Гитлердин “Барбаросс” планы боюнча Москва герман аскерлери тарабынан алынгандан кийин СССРдин мааниси жагынан экинчи шаары эсептелген Ленинград жер менен жексен кылынмак. Себеби, ошол мезгилде бул шаарда иштеп турган 333 ири өнөр жай ишканасында 75% аскердик продукциялар өндүрүлгөн. 130 илим-изилдөө институттары жана конструкторлук бюролор иштеген. Ленинградды басып алуу менен немистер бир катар маанилүү маселерди чечишмек.
Ленинграддыктардын массалык баатырдык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн 1965-жылдын 8- майында СССР Жогорку Советинин Указы менен Ленинградга Баатыр шаар наамы ыйгарылган. Ал эми курчоодон толук бошотулган 27-январь – Орусияда Аскердик даңктын күнү катары белгиленет.
Ленинград шаарын курчоодон толук бошотулган күнүнө байланыштуу бүгүн, 27-январда Президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады.
“Бул теңдешсиз каармандык жана Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдиги тарых барактарында түбөлүк сакталып калат. Кыргызстандын даңктуу уулдары Ленинград үчүн болгон айыгышкан согушта эрдик көрсөтүштү. 4,5 миңден ашуун биздин мекендештерибиз курман болушту.
Ошол каардуу жылдары кыргыз үй-бүлөлөрү көптөгөн балдарды өз перзенттериндей кабыл алышып, аларга башпаанек берген. Ош облусунун жашоочулары Иминахун Ахмедов жана анын жубайы Майрамхан ар кыл улуттагы 15 баланы асырап алышкан. Ал эми өткөн жылы дүйнөдөн кайткан ысык-көлдүк Токтогон Алтыбасарова апабыз Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда Ленинград шаарынан эвакуацияланган150 баланын энеси болуп калган. 
Ардактуу ардагерлер, ошол каардуу жана баатырдык мезгил жөнүндө эскерүүлөрдү жүрөк тереңинде сактап, коомубуздун турмушуна активдүү катышып, ошол улуу дөөлөтөөрдүн мисалында жаш муундарга тарбия-таалим берип келе жатканыңыздар үчүн сиздерге чексиз ыраазыбыз.
Сиздердин улуу эрдигиңиздер жана майтарылбас эркиңер  мындан ары да жаштарыбыз үчүн үлгү болуп кала берет деп ишенем. Сиздерге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат жана узун өмүр каалайм!”, - деп айтылат кайрылууда.
Кошумчаласак, Борбор шаарыбыз Бишкекте блокаданын азап-тозогун тарткан кыргызстандыктарга арналган уникалдуу мемориал тургузулган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.