
Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Кыргыз-тажик чек аралары да такталууда
Кыргызстан жана Тажикстан эки тараптуу жумушчу топторунун сүйлөшүүсү 22-январдан 27-январга чейин болгон. Анда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси каралган. Кыргызстандык делегацияны кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров жетектеп барган. Делегациянын курамына юристтер, тышкы саясат адистери жана картографтар кирген,-делет маалыматта. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкеси 971 чакырымды түзөт. Анын 471 чакырымы талаштуу деп эсептелет.
Жазгүл Кенжетаева
Жазгүл Кенжетаева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек