Курс НБ на 27.06.2019 $69,6072 €79,1538

​Кыргызстанга КЭР Төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик визит менен келди

Саясат
13 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
47
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин кечээ, 12-июнда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди.
Эл аралык «Манас» аэропортунан Си Цзиньпинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Мамлекеттик визиттин алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин эртең, 13-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.
КЭР Төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.
Ошондой эле Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу