Курс НБ на 26.10.2020 $80,6300 €95,4498

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты

Саясат
16 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
104

Өлкөдө орун алган соңку коомдук-саясий окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады. Анда: “Акыркы күндөрдө бүт дүйнө коомчулугу Кыргыз Республикасындагы окуяларга кылдат көз салып турду.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоолор өттү. Тилекке каршы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо добуштарды сатып алуу, шайлоо процессинин бузулушу жөнүндөгү маалыматтар жана саясий партиялардын кайрылуулары менен караланып, бул элдин адилеттикти талап кылган нааразылыгын жаратты жана 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Кыргыз Республикасынын борборундагы баш аламандыктарга алып келди. Шайлоого катышкан саясий партиялардын көбү добуш берүүнүн жарыяланган жыйынтыктарын четке кагышты. Коомчулуктун кысымы менен Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапты.
14-октябрда өлкөнүн Жогорку Кеңеши премьер-министрликке С.Жапаровду жана Өкмөттүн мүчөлөрүн бекитти. Ошол эле күнү Президент С.Жээнбеков тиешелүү жарлыккка кол койду.
15-октябрда Президент С.Жээнбеков отставкага кетүү чечимин кабыл алгандыгын жарыялады.
Учурда ички саясий кырдаал укуктук нукка түшүүсү менен бардык мамлекеттик жана административдик органдар кадимкидей режимде иштеп, өзүлөрүнө тагылган милдеттерин аткарып жатышат.
Акыркы күндөгү окуялар эркиндикти сүйгөн Кыргызстандын эли биздин өлкө демократиялык жолдон тайбастыгынын кепили экендигин далилдеди.
Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттерин жана эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар менен келишимдердин шарттарын кыйшаюсуз аткарат”, - деп айтылат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу