
Курс НБ на 17.02.2019 $69,7609 €78,6694

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 7-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, өз өлкөсүнүн жана россиялыктардын жыргалчылыгы үчүн алдыга белгилеген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди кааалады.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулар кандай аткарылып жаткандыгын, ошондой эле ноябрь айында Астана шаарында өтө турган ЖККУ ЖКК сессиясын талкуулашты.
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге туулган күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдогон.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек