Курс НБ на 15.10.2018 $69,1798 €80,0687

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий жолугушуу аземи болду

Саясат
25 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
209
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда Казакстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында  “Акорда” ак сарайында Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий жолугушуу аземи  болду.
Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинген, ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки мамлекеттин гимндери жаңырды.
Эки президенттин расмий жолугушуусунан, Ардактуу кароолдун учурашуусунан, эки өлкөнүн делегацияларын тааныштыргандан кийин Мамлекет башчылары тар курамда сүйлөшүү залына бет алышты.

Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.