Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

Кыргызстанда Кытайдын жаңы элчиси дайындалды

Саясат
11 - Март 2019
www.erkintoo.kg
40

Бүгүн  Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы жаңы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Кытайдын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Сяо Цинхуа дипломаттык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу өткөн айда ишин тапшырып берген.  Цинхуа бул кызматта 2016-жылдын 19-сентябрынан бери иштеп келаткан.

Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу