Курс НБ на 01.06.2020 $73,4927 €81,8635

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Саясат
19 - Март 2020
www.erkintoo.kg
126

Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абаддагы бириккен ооруканада учурда алты киши жатат. Алардын үчөө коронавирус жуктургандар болсо, калган үчөөнүн дене табы көтөрүлүп, дарыланып жатышат. Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан келген жарандардын баары толук табылды. Учакта бардыгы 144 киши болгон, алардын 142си учурда текшерилип, обсервацияга алынып, толук көзөмөлдө турат. 2 киши Өзбекстандын аймагына чыгып кеткен.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу