Курс НБ на 01.06.2020 $73,4927 €81,8635

Кыргызстанда коронавирус аныкталган үч адамдын абалы учурда канааттандырарлык

Саясат
19 - Март 2020
www.erkintoo.kg
85

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда айтты. Министрдин билдиргенине караганда, бир суткада вирус эч кимден аныкталган эмес, саны кечээгидей эле үч бойдон. Үч киши Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда. "Коронавирус аныкталган Сузак районунун үч тургуну азыр ооруканада. Абалдары канааттандырарлык. Дене табы 37,5 градусту көрсөтүүдө. Жергиликтүү дарыгерлерге Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери консультация беришүүдө. Бейтаптар жөтөлгөн жок, абалдары аябай начар эмес", — деди Чолпонбаев.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу