Курс НБ на 16.11.2018 $69,8492 €79,0658

Кыргызстан жана Евро союз кызматташтыгы

Саясат
03 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
109
Июндун аягында Евросоюз жана Кыргызстан өзүнүн кызматташтык боюнча комитетинин биргелешкен 15-жыйынында саясий, коопсуздук жана экономикалык туруктуу өнүгүү жаатында сүйлөшүштү. Алар демократиялык реформаларды өнүктүрүүдөгү маселелерди талкуулашты. Евросоюз жыйында адам укуктары боюнча диалог, сот органдарынын көз карандысыздыгы, жарандык коом менен кызматташтык, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү жөнүндө дискуссияларды эске салды. Жыйындын жүрүшүндө 2014-2020-жылдарга Евросоюз бөлүп берген 174 млн. еврого жасалуучу укук, сот, шайлоо системасын реформалоо, айылдагы билим, андагы жалпы өнүктүрүүгө жумшалган акчалардын иштетилиши жөнүндө сөз болду.
     Негизги көңүл экономикалык абалга бөлүндү. Колдоо көрсөтүлүп жаткан жардамдар түз Кыргызстандын бюджетине  түшөт. Аны Өкмөт билим жана социалдык коргоо, шайлоо системасын реформалоого жумшашы керек. Жыйындын катышуучулары аймактык жана эл аралык деңгээлдеги өзгөрүүлөр, коопсуздук, соода, энергетика жана айлана-чөйрө жаатында пикир алышышты. Евросоюз өзүнүн Орто Азия боюнча жаңы Стратегиясын 2019-жылдын аягына чейин бүтүрүп  жаткандыгы жөнүндө маалымат берди. Комитеттин кийинки жыйыны 2019-жылы Брюсселде өтөт.
  Муса кызы Асел


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.