Курс НБ на 24.05.2019 $69,8492 €77,8085

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланууда

Саясат
14 - Май 2019
www.erkintoo.kg
30

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети эки тараптуу келишимдин күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында иштелип чыккан КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

          Келишим өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү максатында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча башкармалыгы тарабынан биргелешип иштелип чыккан. Келишим шарттарына ылайык, тараптардын биринин аймагында өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда өз ара жардам берилет жана анын алкагында кырсыктын алдыналуу жаатында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Ушундай эле эки тараптуу келишим КР Өкмөтүнүн менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосунда да түзүлгөн. Ал макулдашуу дагы кыргыз парламенти тарабынан ратификацияланууга тийиш.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу