Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Кыргызстан электрондук тейлөөгө өтөт

Саясат
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
357
Кыргызстан кыска убакыт ичинде баардык мамлекеттик органдар электрондук тейлөөгө өтүшү керек. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 4-январда өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди.
Анда өкмөт башчы: «Жарандардын мамлекеттик тейлөөгө ишенимин калыбына келтирүү, мамлекеттик башкаруу тутумунда коррупциялык факторлорду четтетүү, жарандардын сапаттуу жана тоскоолдуксуз тейлөө алуусуна шарттарды түзүү максатында 2017-жылдын биринчи кварталында аталган тутумду ишке киргизүү зарыл. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана катардагы жарандар электрондук форматка өтүүдөгү оңдуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү керек»,– деген.  Өкмөт башчы белгилеп кеткендей, дал ушул тапшырмаларды чечүү үчүн, «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы түзүлгөн. Системанын базасында азыркы тапта 8 мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлгөн 21 электрондук тейлөө тесттик режимде иштейт. Жакын арада дагы 20 мамлекеттик тейлөө системага киргизилет.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.