Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Кыргыз-кувейт мамилелери

Саясат
27 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
43
КР Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси С.Адамкулова  Кувейт Мамлекетинин Каржы министри  Наиф Аль-Хаджраф менен жолугушту. Анын алкагында С.Адамкулова жана Н.Аль-Хаджраф, ушул жылдын  24-26 апрелинде Эль-Кувейт шаарында өткөн Биринчи Өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча комиссиянын жыйынынын ийгиликтүү өткөндүгүн белгилешти.
 Министр Н.Аль-Хаджраф Кувейт тарап Биринчи Өкмөттөр аралык комиссиясынын чечимдерин ишке ашыруу үчүн атайын иш планынын даярдалгандыгын айтып, мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү максатында, кыргыз-кувейт мекемелер жаатында тажрыйба алмашуу боюнча өз оюн билдирди. Мындан ары эки өлкө ортосундагы тажрыйба алмашууну, Өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт жыйынын үзгүлтүксүз өткөрүп турууну макулдашышты.
Айелина Азамат кызы, “Эркин Тоонун” практиканты


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу