Курс НБ на 27.05.2019 $69,8500 €78,1272

Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайы

Саясат
11 - Март 2019
www.erkintoo.kg
69

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө өткөрүлүп жаткан сот-укуктук реформасын талдоого алып, баа берип, судьялар корпусунун ишмердигинин негизги багыттарын жана милдеттерин белгиледи.

Ошондой эле судьялардын курултайында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Абылай Мухамеджанов сөз сүйлөштү.

Мамлекет башчысы мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле кесиптик майрам — Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу сот системасынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлады.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу