Курс НБ на 24.05.2019 $69,8492 €77,8085

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

Саясат
06 - Май 2019
www.erkintoo.kg
54

«Урматтуу мекендештерим!

5-май — эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өзгөчө маанилүү күн.

Мындан 26 жыл мурда, ушул күнү көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган.

Ал жалпы адамзат баалуулуктарын туу туткан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мыйзамдуу пайдубалын түптөдү.

Конституция — бул өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу.

Негизги мыйзамда камтылган ченемдерди кыйшаюсуз аткаруу — сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили.

Майрамыбыз кут болсун, урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, жергебизге гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм.

Кыргызстаныбызды Кудай колдосун!»



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу