Курс НБ на 18.09.2020 $78,9597 €93,1961

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин мекендештерине кайрылуусу

Саясат
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
575
«Урматтуу мекендештер!
Жүрөгүмдүн капыстан ооруп калышынан улам күтүүсүз башка түшкөн кыйын кырдаалда мени жана менин үй-бүлөмдү колдогондордун баарына чын дилимден ыраазычылык билдирем. Мындай учурда айтылган ар бир жылуу сөз, айрыкча ак баталар менен чын көңүлдөн чыккан тилектештик каалоолор өзгөчө кымбат. Сиздер мага күтүүсүз келген сыркоону жеңүүгө күч-кубат бердиңиздер!
Мындай нерсе унутулбайт. Мен жана менин үй-бүлөм бардыгыңыздарга чын жүрөктөн ыраазы!
Жараткан сиздерге бекем ден соолук жана зор бакыт, ал эми Мекенибизге - тынчтык жана берекет берсин!
 
Сиздерди урматтоо жана ыраазы болуу менен, Алмазбек Атамбаев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.