Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кен иштетүү чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоо маселелерин өзгөчө көзөмөлдө кармайт

Саясат
06 - Август 2019
www.erkintoo.kg
24
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын кен пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө» чечимдерин ишке ашырууну өзгөчө көзөмөлдө кармайт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны 2019-жылдын 30-январында өткөн.

Кыргызстандын Өкмөтү тоо-кен тармагында жана кен иштетүү чөйрөсүндө жылдар бою топтолгон олуттуу  көйгөйлөрдү, анын ичинде тоо-кен жаатын өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын өз ара натыйжасыз аракеттенүүсүн чечүүнү өзүнүн артыкчылыктуу багыттары катары көрөт.

Өкмөт  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, анын ичинде кен пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу