Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Кыраандардын кылчылдашуусу

Саясат
06 - Август 2019
www.erkintoo.kg
30
Кыргыз жоокерлери 3-августта Россиянын “Алабино” полигонунда салтанаттуу ачылган 5-Эл аралык аскердик оюндарга (АрМИ-2019) катышууда. Оюндар 17-августка чейин 10 өлкөнүн 21 полигонунда өтөт жана аларга 39 өлкөдөн жалпы саны 5000 адамдан ашкан 223 команда катышат. Кыргызстандын жоокерлери оюндардын “Танк биатлону”, “Снайпердик чек”, “Коопсуз маршрут”, “Артиллериялык ок атуунун чебери”, “Атчан марафон Аравт” сыяктуу беш түрү боюнча күч сынашат.
“Атчан марафон” Монголиянын “Таван Толгой” полигонунда өтүп жатат жана ал 8-августта жыйынтыкталат. Бул мелдешке Россия, Монголия, Кыргызстан жана Казакстандын атчан аскерлери катышууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу