Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткенге жөнөп кетти

Саясат
14 - Март 2019
www.erkintoo.kg
42

 Чек-ара кызматынын башчысынын орун басары Курманбек Исаков жана ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жеринде иш алып барууда. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты

Эске сала кетсек, кечээ, 13-мартта Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салган. Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапкан. КР менен ТРнын дээрлик эки жүзгө жакын жашоочулары бири-бирине таш ыргытышкан. Тараптардын ортосундагы чырды токтотуу максатында кыргыз жана тажик чек арачылары асманга ок чыгарууга мажбур болушкан.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байналыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган болчу.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу