Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

Конституциянын жаңыланган тексти, эртең 28-январда “Эркин Тоо” гезитине жарыяланат

Саясат
27 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
586
Бүгүн, 27-январда Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Куралуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Райымберди Дүйшөнбиев, башкы прокурор Индира Жолдубаева, Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жана вице-премьерлердин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын референдумда өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки расмий текстин жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду.
“Бүгүн биз сиздерди Баш мыйзамдын жаңыланган, тазаланган нускасынын бет ачарына чакырдык. Мына ал алдыӊыздарда турат. Азыр мен нусканы жарыкка чыгаруу боюнча Жарлыкка кол коём жана нусканын төрт көчүрмөсүн Жогорку Кеӊеш, Өкмөт, Жогорку Сот жана Конституциялык палатанын өкүлдөрүнө тапшырып берем. Баш мыйзамдын түп нускасы Президенттик аппаратта сакталат. Жарлыкка ылайык, Баш мыйзам эртеӊ, 28-январда «Эркин Тоо» гезитинин атайын санына жарыяланат жана андан кийин, албетте, китепче болуп жарык көрөт”, - деп айтты.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.