Курс НБ на 28.11.2020 $84,7984 €101,1815

Конституциянын долбоору коомдук жана эксперттик пикирлерди эске алуу менен оңдолуп, кайрадан иштелип чыгат

Саясат
18 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
57
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.  «Бүгүнкү күндө коомдук талкууга өлкөдөгү жаңы башкаруу системасын камтыган Баш мыйзамдын үлгү варианты гана сунушталууда. Талкуулардан кийин Конституциянын негизги варианты бардык сунуш-пикирлерди камтуу менен бекийт. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн бир гана жооптуу адам, башкача айтканда, өлкө башчысы жоопкерчилик алышы керек экенин убакыт көрсөттү. Мурда эч ким жоопкерчилик албай, башаламандык өкүм сүргөн. Мындай кырдаалдан чарчаган эл өзгөрүүнү талап кылууда. Мурда чечимдер башка жерден кабыл алынганына карабай, кыйын кырдаал түзүлсө «токмок» ошол чечимдерди ишке ашырган гана премьер-министрге барып тийчү. Ушундай тажрыйбадан улам мамлекеттик башкарууну өзгөртүү зарылдыгы келип чыкты» деп айтылат Анаркулов тараткан билдирүүдө.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу